Бишкек шаарында автобус жана  троллейбустар аялдамаларды автоматтык үн менен кабарлоо тутуму менен толук жабдылды.

Бүгүнкү күндө “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы тарабынан автобустарга 600 жана «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы тарабынан 92 троллейбуска аялдамаларды жарыялоочу  ички жана тышкы автоматтык түрдө кабарлоочу система орнотулду.

Мындай иш-чаралар шаардын коомдук транспорт инфраструктурасын жакшыртуу иштеринин алкагында жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, борбор калаадагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө GPS-трекерлер орнотулган, муну менен жарандар «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу керектүү транспорт тууралуу маалымат ала алышат.