Ленин районундагы №42 орто мектептин базасында шаардын билим берүү уюмдарынын математика, физика жана информатика мугалимдерине усулдук жана практикалык жардам көрсөтүү максатында окуу семинары өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө “PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө даярдыктын жүрүшү” деген темада презентация жасалып, мастер-класстар өткөрүлдү.

Билим берүү семинарынын максаты - мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу. Ага физика, математика жана информатика боюнча 220 мугалим катышты.

Белгилей кетсек, семинарды  Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти уюштурду.