Буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен "Манка-Жар"  коктусундагы сел тосмодон  суу ташып, натыйжада Арча-Бешик конушунун көчөлөрүн жана үйлөрдү каптаган. Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев сел жүргөн жерлерди толугу менен карап чыгып, көчө тургундары менен жолугушту.

Борбор калаа башчысы селдин кесепеттерин жеринде тез арада жоюуну тапшырды. Ошондой эле сел сууларын буруучу каналды жана ирригациялык-дренаждык тармактарды долбоорлоо жана куруу, коргоо зоналарынын чек араларын аныктоо жана мыйзам бузуучуларга чара көрүү  боюнча милдеттерди койду.

Маселени чечүү үчүн "Манка-Жар" коктусуна суу топтоочу курулманы орнотууга жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнөт.

Тургундар менен жолугушууда бардык көйгөйлүү маселелер талкууланды. Кайрылуулар негизинен ирригациялык тармактарга жана жолдорго тиешелүү болгон.

Белгилей кетсек, учурда жеринде атайын техника иштеп, сел жүргөн конушунун көчөлөрүн тазалоо иштери жүрүп жатат.