Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы борбор калаада көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү  улантууда.

2024-жылдын 11-мартынан тарта муниципалдык инспекция тарабынан чарба жүргүзүүчү субъектилер жана шаар тургундары тарабынан көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө  таштандылардын белгисиз жайларга башаламан таштоону алдын алуу жана болтурбоо, таштандыларды  өрттөөгө тыюу салуу жана санитардык нормаларды сактоого басым жасалды.

Бардыгы болуп 2155 чарба жүргүзүүчү субъектилер текшерилип, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 366 протокол түзүлдү. Салынган айыптардын жалпы суммасы 4 503 500 сомду түздү.

Белгилей кетсек, менчигинин түрүнө карабастан, тазалоо иштерине катышпаган адамдарга КР Укук бузуулар  кодексинин 434-беренесине ылайык айып пул салынат.

Эскерте кетсек, 11-марттан 11-майга чейин Бишкек шаарында борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган. Бул аралыкта муниципалдык инспекция тарабынан бөлүнгөн аймактардын абалы көзөмөлгө алынат.