Шаардык муниципалитетте Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен ГПБ (АК) Банктын  аткаруучу вице-президенти, «Газпромбанк Лизинг» ААКнын башкы директору Максим Калинкиндин жолугушуусу өттү.

Жолугушууда шаар турмушу чөйрөсүндөгү кызматташуунун келечеги, атап айтканда, атайын техникаларды жаңылоо, жолдорду куруу жана башка инфраструктуралык долбоорлор талкууланды.

Айбек Джунушалиев коммуналдык кызматтар үчүн атайын техниканы лизингге сатып алуу маселесин кароого даяр экенин билдирди.

Кеңешменин жыйынтыгында   каржылоо шарттарына баа берүү жана өзгөчөлүктөрүн талдоо  мэрдин  биринчи орун басары Мирланбек Байгончоковго тапшырылды.

Тараптар жемиштүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте кызматташуунун ийгиликтүү өнүгүшүнө ишеним билдиришти.