Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен шаардык кызматтар түнү менен катуу шамалдын кесепеттерин тез арада жойду.

2024-жылдын 29-мартында саат 08:00гө карата төрт райондук администрациядан жана шаардык кызматтардан маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтарга караганда, борбор калаада түн ичинде жолдорду тазалоо, кулаган бактарды алуу, үзүлгөн электр зымдарын калыбына келтирүү боюнча алгылыктуу иштер аткарылды.

Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинен билдиришкендей, коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат. Каттамда 599 автобус, 122 троллейбус, кичи автобустук каттамдар да иштеп жатат.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы боюнча таң атканча линиялардын үзүлүшү боюнча 8 учур катталып, калыбына келтирилди, ошондой эле шамалдын башка кесепеттери жоюлду. Бригадалык чыгуулар уланууда. Кечке чейин шаар боюнча кесепеттер калыбына келтирилет. Потенциалдуу кооптуу 2 тирөөч демонтаждалган. №62 мектепте 2 кондиционер алынды.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан 50дөн ашык көчө санитардык тазалоодон өткөрүлүп, катуу шамалдан улам пайда болгон 5ке жакын таштанды жайлары түнкүсүн тазаланды.

Мындан тышкары, учурда ишкана жабыркаган аймактарда күчөтүлгөн санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери түн ичинде 30дан ашык авариялык дарактарды жок кылышты.

Калган бардык маселелер боюнча иштер активдүү жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, кечээ, 2024-жылдын 28-мартында борбор калаада ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Натыйжада Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.