2024-жылдын 29-мартында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаарынын 2024-жылга консолидацияланган бюджетин бекиткен.

Шаардын консолидацияланган бюджети киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 32 590,5 млн.сомду түзөт: анын ичинен административдик-аймактык реформага ылайык кошулган айыл аймактарынын бюджети 868,1 млн сом жана республикалык бюджеттен трансферттер 6973,0 млн сом., автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын жана ага кошулган айыл аймактарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы фондусунун чыгымдарын жабууга жумшалат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №370 токтомуна ылайык №52 административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө пилоттук мезгил аяктаганга чейин бюджетти бекитүү ыйгарым укуктары шаар мэрлерине берилген.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 13-15-мартында Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору боюнча коомдук талкуулар өткөн.

Үстүбүздөгү жылга карата борбордун бюджетин угууга Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары, райондук администрациялардын башчылары, муниципалитеттин аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана кошулган айыл аймактарынын жарандары катышты.