2024-жылдын 30-мартында Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында борбор калаанын бардык райондорунда жалпы ишембилик өткөрүлдү.

Ага жалпысынан 507 мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканалардын жана чарбалык субъекттердин кызматкерлери катышты.

Борбор калааны 15 миңден ашык жаран  тазалап, көрктөндүрдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында ар кандай түрдөгү 615 бак-дарак отургузулду. 61 атайын техника тартылып, 270 тонна таштанды чыгарылды.

Тазалоонун жыйынтыгы боюнча:

- Ленин району: Жалпы шаардык ишембиликке 5190 адам катышып, 330 түп бак-дарак отургузулду, 17 даана атайын техникалар тартылды.
- Октябрь району: шаарды жашылдандырууга 2825 жаран катышып, 130 түп бак-дарак отургузулду, 19 даана атайын техникалар тартылды.
- Биринчи май району: Жалпы шаардык ишембиликке 3709 адам активдүү катышып, 80 түп көчөт отургузулду, 17 даана атайын техникалар тартылды.
- Свердлов району: 3375 адам катышып, 75 бак-дарак отургузулду, 8 бирдик атайын техника колдонулду.

Тазалоо учурунда чогулган таштандыларды чыгаруу иштери уланууда.

Эске сала кетсек, 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган. Ишембиликке катышпаган адамдарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, муниципалдык инспекция тарабынан айып пул салынат.