Борбор калаада “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын аткарылышы жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” темасында семинар болуп өттү.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын мэриясынын “Аламүдүн”, “Маевка”, “Пригородное”, “Төмөнкү Ала-Арча”, “Лебединовка”, “Көк-Жар”, “Новопавловка”, “Орок” муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерине “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” деген аталыштагы окуу семинарын өткөрдү.

Окуу семинары “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-февралындагы №28 аткаруучулук тартипти бекемдөө боюнча тескемесине ылайык мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүү жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 27-февралындагы №29 “Пилоттук режимде Бишкек шаарында административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында өтүлдү.