Бишкек шаары үчүн алынган муниципалдык автобустардын экинчи партиясы келе баштады.

Калган 500 автобустун алгачкы 35 даанасы учурда шаарга жеткирилди. Автобустар бир ай ичинде толук келип бүтөт.

Былтыр, Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында аталган өлкөдөн газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алуу боюнча чечим кабыл алынган. Келишимге ылайык, өткөн жылы жарымы келген, быйыл жарымы жеткирилмек.

Автобустар толук келип бүтсө, борбор шаардагы коомдук транспортттун иши сезилерлик жакшырат.

Шаардын ичиндеги кичи маршруттук  тейлеген каттамдар автобустарга алмаштырылат.

Андан тышкары коомдук транспорттун бул түрү газ менен жүргөндүктөн, маселенин экологиялык өңүтү да бар. Дизель отуну менен жүргөн миңден ашык кичи маршруттук каттамдар шаардын сыртына чыгарылат.

Ошондой эле калаа бийлиги быйыл “Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы” тарабынан каржыланган долбоордун алкагында газ менен жүрүүчү 124 автобус алган. Алар  учурда шаарда каттап жатат. Аталган долбоордун негизинде жалпысынан 250 автобус алынат.

“Азия өнүктүрүү банкынын” долбоору алкагында 120 электробус алуу мерчемделген.

Белгилей кетсек, бул жумуштар шаардын коомдук транспорт, унаа тыгыны көйгөйүн чечүү максатында жана шаардын транспорттук инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн жасалууда.