Бишкек шаарында “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катуу шамалдан улам бузулган жол белгилерин калыбына келтирүүнү улантышууда.

Ошентип, бузулган жол белгилеринин көбү бийиктикте илингендер - 15 даана, алардын көбү жолдун четине учуп кеткен.

Мындан тышкары бак-дарактар кулаганда 10дон ашык жол белгилери кыйшайып калган.

Адистер жол белгилерин төмөнкү даректерде калыбына келтиришти.
- Жибек Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде – 1 даана;
- Жибек Жолу проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде – 2 даана;
- Жибек Жолу проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде – 1 даана;
- Жукеев Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде - 1 даана;
- Сүйөркулов көчөсүндө Ортосай базарынын жанына - 1 даана;
- Д.Садырбаев жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде - 2 даана;
- Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде – 2 даана.

Белгилей кетсек, көрктөндүрүү элементтерин калыбына келтирүү иштери уланууда.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Эгерде бузулган жол белгисин байкасаңыз, байланышыңыз: 0755 419 841 (Whatsapp).