Бишкек шаарында ачык, жабык коллектордук-дренаждык жана ирригациялык тармактарды тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.

«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери коллектордук-дренаждык системанын түбүн  чөп, камыштардан тазалоодо. Иш кол менен да, атайын техниканын жардамы менен аткарылууда.

Бул багыттагы иштер Бишкек шаарынын аймагындагы жашыл аянтчаларды сугарууну камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө. «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынан билдиргендей, жыл башынан бери  101 миң 339 погон метрден ашык сугат тармактары тазаланган.

Белгилей кетсек, буга чейин магистралдык каналдарды жана сугат тармактарын тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Урматтуу шаар тургундары! Негизги магистраль каналдарына  жана коллектордук-дренаждык тармактарына таштанды таштабоону   жана шаардык кызматтын кызматкерлеринин эмгегин урматтоону суранабыз.