Бишкек шаарында “SunRent” электросамокаттар  компаниясы КР ИИМнин Коомдук тартипти жана жол кыймылын коргоо башкы башкармалыгы менен биргеликте ЖОЖдордо жол кыймылынын эрежелери жана коопсуздук боюнча интерактивдүү лекцияларды өтүүдө.

Ошентип, борбордун алдыңкы жогорку окуу жайларында интерактивдүү лекциялардын сериясы башталды. Иш-чара студенттердин жол кыймылынын эрежелери боюнча билимин кеңейтүү, жеке мобилдик шаймандарды колдонуу жана борбор калаанын жолдорунда коопсуз атмосфераны түзүүгө багытталган.

Алгачкы иш-чара Муса Рыскулбеков атындагы КЭУда өтүп, ага 200дөн ашык студенттер катышты.

Төмөнкү лекцияларды КУАУ, КРСУ, КУУ, МУК, Политехникалык университет, БМУ жана борбордун башка окуу жайларында өткөрүү пландалууда.