Борбор калаанын Биринчи май районундагы №27 орто мектепте Аскердик даңк  музейи ачылат.

Райондун башчысы Сарылбек уулу Улан   орун басары Айнура Арстамбекова жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев менен биргеликте музейдин уюштуруу иштери менен таанышты.

Музейди түзүүнүн максаты-өткөндөгү баатырдык барактардын тарыхый элесин сактоо, ошондой эле жаш муундарды патриоттук тарбиялоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.

Ошентип, музей төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт:
- Кыргызстандын баатырларынын эрдигинин башаты, менин мекеним Кыргызстан;
- бир эрдиктин баяны: Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги;
- Экинчи дүйнөлүк согуштун баатырлары - кыргызстандыктар: Кыргызстандын Аскердик Даңкы орденинин толук ээлери;
- курчоого алынган Ленинграддын тургундары;
- согуш жаңырыгы: документтер, согуш жылдарындагы каттар ж.б.;
- Улуу жеңиш;
- эскерүү архиви: менин үй-бүлөмдүн тарыхы.

Белгилей кетсек,  муниципалдык администрация тарабынан музейди уюштурууга, стенддерди түзүүгө, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин бюстун орнотууга, сүрөт-панно жасоого, ошондой эле кыргыз баатырларынын жана блокададан аман калгандардын портреттерин даярдоого каражат бөлүндү.