“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектин жолдорунун жээгиндеги бетон жана темир тосмолорду тазалоодо.

Бүгүнкү күндө Биринчи май районунда Жибек-Жолу жана Дэн Сяопин проспектилеринин боюндагы 8602 метр тосмо тазаланды.

Свердлов районунда Жибек-Жолу проспектиси боюнча - 2100 метр тосмону тазалоо жүргүзүлдү.

Ленин районунун аймагында Дэн Сяопин проспектиси  менен  Л.Толстой көчөлөрүндө – 4380 метр, ошондой эле Октябрь районунун 7-апрель көчөсүндө – 468 метр тосмо тазаланды.