Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү жана тазалык эрежелерин бузгандар менен активдүү күрөшүүдө.

Күнүмдүк рейддерге жана түшүндүрүү иштерине карабастан, шаардыктар жана чарба жүргүзүүчү субъекттер санитардык нормаларды бузууну улантууда.

2024-жылдын 2-апрелинде инспекторлор тарабынан жалпы суммасы 435 500 сомго 36 протокол түзүлгөн.

Тартип бузгандардын арасында:
- Масалиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Юнайтед Интернешнл скул" эл аралык мектеби жакын жайгашкан аймакта тазалыкты жана тартипти сактаган эмес.
КР кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлүп, салынган айыптын суммасы 13 000 сомду түздү;
- Суванбердиев көчөсүнүн 51 дарегинде жашаган тургуну Ж.К.  таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргытып жиберген, бул үчүн инспекторлор тарабынан КР  Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн. Айып пулдун суммасы 7 500 сомду түздү.
- Мичурин көчөсүндө жайгашкан "Стальмонтаж Плюс" ЖЧКсына көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 13 000 сом айып салынды.
Инспекторлор Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүштү.
- Ушундай эле мыйзам бузуу Чуйков көчөсү, 128 б боюнча жайгашкан "Алтын тамга" ЖЧКсы тарабынан жасалган.  Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча басмаканага 13 000 сом айып салынган.
Ошондой эле инспекторлор "Тазалык"муниципалдык ишканасы менен келишим түзүү жөнүндө көрсөтмө беришкен.
- Тегеректеги аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн "Альфа Ойл"ЖЧКсы 13 000 сом айып пул алган.
Субъектиге карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча   протокол түзүлгөн.
ОсОО «V.R.S. Company»  ЖЧКга карата Укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү. Айып пулдун суммасы 13 000 сомду түздү.
- Турмуш-тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерлерге таштагандыгы үчүн протоколду  Орозбеков көчөсү, 43 дарегинде жайгашкан "Винзор" ЖЧК алган. 17 000 сом айып КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык салынган.
- Каралаев көчөсү, 40/1 дарегинде жайгашкан "Бахчай" кафесине таштандыны белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн 23 000 сом айып салынды.
Инспекторлор тарабынан КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн.

- Ушундай эле эреже бузуу А.Т. аттуу жаран тарабынан жасалган. Шаар тургунуна карата 115-берененин 2-бөлүгү боюнча 7 500 сом суммасында протокол түзүлгөн.

Белгилей кетсек, шаардыктар КРнын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 114-беренеси боюнча көрктөндүрүү эрежелерин бузса, инспекторлор протокол түзүп, тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмө беришет.

Көрсөтмөнү аткарбаган учурда, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434 - беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жеке адамга 3 000 сом, ал эми юридикалык жакка 13 000 сом айып салынат. Жазма буйрукту бир жылдын ичинде кайталап аткарбаган учурда жеке жактар үчүн айып пулдун суммасы 10 000 сомду, юридикалык жактар үчүн - 30 000 сомду түзөт.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Сураныч, борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузбаңыз. Ар кандай мыйзам бузуулар үчүн муниципалдык инспекция тарабынан КРнын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлүп, айып пул салынарын унутпаңыз.