Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиев «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан жолдогу кемчиликтерди жоюу иштеринин жүрүшүн текшерди.

Борбор калаа башчысы жолдогу кемчиликтерди тез арада жоюуну тапшырды.

Ишканага асфальт төшөлгөн төшөлмөнүн сапатын көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн. Болбосо жол оңдоого жооптууларга катуу чара көрүлөт.

Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев Бакаев көчөсүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган көчөдө жумуштарды бүткөрүү 2024-жылдын 3-кварталына белгиленген.