"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы борбор калаада жарыктандыруу иштерин улантууда.

Ошентип, шаардын жарыктандыруучулары "Улан" жана "Көк-Жар"кичи райондорунда иштерди жүргүзүштү.

"Улан" кичи районунда  № 5,6,7 үйлөрдүн короосуна 50вт кубаттуулуктагы  13 светодиоддук чырак жана 100вт кубаттуулуктагы  12 даана чырак  орнотулду. Ошондой эле 300 метр өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылды.

Мындан тышкары, "Көк-Жар" кичи районуна кубаттуулугу 100 Вт  болгон 5 даана светодиоддук чырак орнотулуп, 200 метр СИП тартылды.

Белгилей кетсек, борбор калаада жарыктандыруу иштери улантылууда.