Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу жол тыгынын азайтуу үчүн башаламан унаа токтотууну иретке келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө.

Аталган көйгөй менен күрөшүү үчүн эвакуаторлор сатылып алынды жана менчик эвакуаторлор да ишке тартылды.

Иш-чарага калаа бийлигинин тиешелүү кызматтары Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы менен бирге катышууда.

Ага ылайык, атайын жол белгиси менен тыюу салынган жерге жана көрктөндүрүү аймактарына токтотулган унааларга айып салынат.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясы жана Кайгуул милициясы шаардагы муниципалдык жолдо жүргөн оор жүк ташуучу унааларды аныктап, айып салышат.

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен тарта максималдуу массасы 18 тоннадан ашык жүк менен жүрүүгө уруксат берилген жүк ташуучу унааларга муниципалдык жолдо жүрүүгө тыюу салынган. Чектөө 7:00дөн 21:00гө чейинки аралыкта иштейт.

Аталган чектөө гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыган, мэрия тарабынан автомобиль жолдорун куруу, оңдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылган, шаардын аймагында муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташыгандарга колдонулбайт.

Андан тышкары Бишкек мэриясы 2024-2030-жылдарга карата жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана транспорттук тыгындарды азайтуу боюнча Концепция кабыл алды. Анда башаламан унаа токтотуучу жайларды жөнгө салуу (саатына төлөнүүчү электрондук парковка) маселеси да каралган.

Урматтуу шаардыктар, айдоочулар!

Унааларды тыюу салынган жана жашыл аймакка токтотпоону өтүнөбүз. Болбосо, унаа эвакуация болот жана айып салынат.