Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы өз ыйгарым укуктарынын алкагында борбор калаада көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.

Алсак, 2024-жылдын  5-апрелинен  1-октябрына чейин Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери Бишкек шаары боюнча Бишкек ШИИББнин  Патрулдук милиция кызматы менен биргеликте 7 ирет рейд өткөрүшкөн.

Иш-чаралардын жүрүшүндө  оор жүк ташуучу унаалардын 216 айдоочусуна муниципалдык жолдордо жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөөлөр жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары инспекторлор тарабынан КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 434-беренеси боюнча төмөндөгү курулуш компанияларына карата протоколдор түзүлгөн.
- "Кыргыз Бетон" ЖЧК;
- "Азия Бетон" ЖЧК (2 протокол);
- "Сантехнус" ЖЧК,
- "Арек Строй" ЖЧК.

Ошондой эле протокол 3 жеке жактарга  карата түзүлгөн.
Айып пулдун жалпы суммасы 74 000 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, 5-апрелден 1-октябрга чейин саат эртең мененки 7:00дөн кечки саат 21:00гө чейин борбор калаада салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынат.

Белгилей кетсек, тез бузулуучу азык-түлүк жана гуманитардык жардам ташыган, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жолдорду куруу жана оңдоо үчүн тартылган, ошондой эле муниципалдык тапшырыкты ишке ашырган унааларга чектөө каралбайт.