"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбордогу чуңкурларды оңдоо иштерин улантууда.

Кемчиликтерди жоюу боюнча бригада дем алыш күндөрү Л.Толстой көчөсүндө Т. Фрунзе көчөсүнөн Ж. Гвардия бульварына чейин (түштүк тарабы) иштешти. Учурда адистер түндүк тарабында иш алып барышууда.

Мындан тышкары иштер Кулиев көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Токтогул көчөсүнө чейин жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү Курманжан Датка көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Л.Толстой көчөсүнө чейин, Жибек-Жолу проспектиси боюнча Лермонтов көчөсүнөн Т. Молдо көчөсүнө чейин, Абдымомунов көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, Исанов көчөсү Ташкент көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, Манас проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишинде, ошондой эле Юнусалиев көчөсү, 102/4 даректеринде жыйынтыкталды.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча суроолор боюнча 0755 419 841 (Whatsapp) номуруна кайрылсаңыздар болот.