Быйыл Бишкек шаарында И. Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алардын бири Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу байланыштыруу долбоору.

Бүгүн, 8-апрелде аталган жолдун курулушу башталды.

Жол Аламүдүн дарыясынынын жээги менен  салынат. Учурда көпүрө салынып жаткан Шүкүров көчөсү менен Медеров көчөсү аркылуу төмөндү көздөй уланып, Л. Толстой көчөсүнө түшөт. А. Сүйүмбаев көчөсү менен  ортодогу темир жолдон бириктирилет.

Жолдун узундугу 1,4 чакырымды, туурасы 9 метрди түзөт. Эки тарабында ирригация тутуму жана жөө адамдар үчүн тилке каралган.

Жаңы жол тилкеси быйыл пайдаланууга берилет. 7-апрель жана Ж. Абдрахманов көчөлөрүнө параллель альтернатива пайда болот.