Бишкекте 9-апрелден тарта №55, №56 жана №226 автобустардын каттамы жарым-жартылай өзгөрөт.

№56 автобус Кожобергенов көчөсү менен Чоң-Арык айылына чейин барат.

№55 автобус Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Селекционное көчөлөрү менен ЖЭБ-2ге чейин жүрөт.

Ошондой эле №226 автобустун каттамы мурдагы калыбына келтирилди. Ал Сухэ-Батор, Юнусалиев жана Медеров көчөлөрү менен каттайт.

Бул чаралар шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында ишке ашты.