“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы автобустар аялдамаларда гана токтошу керектигин эскертет.

Көпчүлүк учурда жүргүнчүлөр коомдук транспортту туура эмес жерге токтотууну суранып, кошумча тыгындарды жаратат.

Жүргүнчүлөрдү туура эмес жерден түшүрүп, башка унааларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан коомдук транспорттун айдоочуларына айып пул салынат.

Алсак, Бишкек ШИИББы боюнча МККБ тарабынан токтоо жана токтотуу эрежелерин бузгандыгы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 188-беренесине ылайык, айдоочуларга протоколдор түзүлөт. Жеке адамга айып пул 1000 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, шаардык муниципалитет эгерде кайсы бир жерге аялдама керек болсо, аны орнотууну карап көрөт.

Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы №264 “Бишкек шаарынын ичинде автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, шаардык каттамдардагы аялдама пункттары кадимки каттам үчүн бири-биринен 400-600 метр, ал эми экспресс каттамдар үчүн 1500-2000 метрди түзөт.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Токтотуу эрежелерин жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын ыңгайлуулугун унутпаңыздар.