Жер-Ынтымагы жаңы конушунун тургундары жер амнистиясынын алкагында кызыл китептерди чыгаруу боюнча аткарылган иштер үчүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевге жана тиешелүү кызматтардын жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Жашоочулардын демилгеси менен жолугушуу уюштурулуп, ал жылуу жана достук кырдаалда өттү. Шаардыктар мамлекет башчысынын жүргүзүп жаткан реформасынын алкагында муниципалитеттин эбегейсиз эмгегин белгилешти.

“Көп жылдан бери чечилбей келген маселебиз чечилди. Үйүбүзгө документ алдык. Эми каттоого туруп, эл катары шайлоого катышабыз. Балдарыбызды мектепке, бала бакчага каттата алабыз. Каттооңор жок деп оорукана карабай койчу эле, буюрса, бул көйгөйдөн да кутулдук”,-дешти жергиликтүү тургундар.

Алар, аталган реформаны ишке ашырууда өлкө башчысы саясий эркин көрсөткөнүн белгилешти. Президенттин көзөмөлүндө мунапыс жараяны өз убактысында аяктап жатканын билдиришти.

Белгилей кетсек, шаардык кызматтар тарабынан 832 жашоочуга токтомдор чыгарылып, бул багытта иштер уланууда.

Жолугушууда борбор калаанын мэриясы  жардам көрсөтүүгө даяр болгон, учурдагы маселелер да талкууланды.