Бишкек шаарынын "Тунгуч" кичи районундагы №-4 көп кабаттуу үйүнүн жашоочулары жанаша аймакка көчөт отургузушту.

Алар мындай аракети менен туура эмес унаа токтотууга каршы күрөшүүдө жарандык активдүүлүгүн көргөзүштү.

Белгилей кетсек, буга чейин "Туңгуч" кичи районунун жашоочулары Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясына автунаа ээлерине карата чара көрүү тууралуу кайрылуу жөнөтүшкөн.

2024-жылдын 4-апрелинде бул жерде Бишкек ШИИББнин  Патрулдук милиция кызматы  менен биргелешкен рейддер өткөрүлгөн.

Инспекторлор айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында 5  унаа шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузбаган жерлерге токтотулган. Патрулдук милиция тарабынан Кыргыз Республикасынын унаа токтотуу эрежелерин бузгандыгы үчүн унаа ээлерине КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгү менен протокол түзүлгөн.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы күн сайын туура эмес унаа токтотууга каршы рейддик иш-чараларды өткөрүп келет.  Туура эмес унаа токтотууга жол бербөө боюнча чаралардын бири чектөө тилкелерин орнотуу болуп саналат.