Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы компаниялар жана жеке адамдар тарабынан санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүүдө.

Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандардын тизмесинде төмөнкү субъекттер бар:
- Анкара көчөсү, 7/2 дарегинде жайгашкан "Ак сарай" банкеттик  залына карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлдү. Салынган  айып пулдун суммасы 13 000 сомду түздү;
- Тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн "Турэксперт" ЖЧКсы айыпка жыгылды. Ошондой эле инспекторлор тарабынан КРнын " Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренесине ылайык протокол түзүлгөн. Айып пулдун суммасы-13 000 сом;
- Көрктөндүрүү эрежелерин ушундай эле бузгандыгы үчүн "Рима kg"компаниясы юридикалык жоопкерчилик тартат.  Аталган  объект "Тазалык" муниципалдык кызматы менен катуу тиричилик таштандыларын  чыгаруу боюнча келишим түзгөн эмес.  Ага карата КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлдү. Айып пул 13 000 сомду түздү;
- Республика көчөсү, 146/1 боюнча "Булак" ЖЧКсы  КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча  протокол түзүлгөн. Компания 13 000 сом айып пул алды;
- КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча "Умай групп" ЖЧКсына жанаша аймагын тазалабагандыгына байланыштуу 13 000 сом айып салынды;
- чарба жүргүзүүчү субъекттин башкаруучусу Т.А. аттуу жаранга  карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча  протокол түзүлдү. Жеке жак үчүн айып пулдун суммасы 3 000 сомду түздү;
- жеке ишкер Логайга карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114 жана 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 2 протокол түзүлгөн;
- Сүйөкулов көчөсү, 46 дарегиндеги ирригациялык арыкка агынды суу чыгаргандыгы үчүн А. С. аттуу жаранга 5500 сом айып салынды. инспекторлор тарабынан КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында  аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жеринде протоколдор түзүлүп, эскертүү иретинде бардык чарбалык субъекттерге  жакшыртуу эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо боюнча эскертүүлөр берилет.

Эскерте кетсек, борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир жаран айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылууга милдеттүү.