2024-жылдын 1-апрелинен 5-апрелине чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузуу боюнча 206 факты аныкталган. Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык, чыгарылган айыптардын жалпы суммасы 2 миллион 447 миң 500 сомду түздү.

Ошентип:
- Октябрь районунда капиталдык курулуш эрежелерин бузуу боюнча 67 факты катталган. Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык инспекторлор тарабынан 807 000 сомдук 67 протокол түзүлдү;
- Свердлов району боюнча инспекторлор тарабынан жогорудагы кодекске ылайык 66 протокол түзүлдү. Салынган айыптардын жалпы суммасы 739 000 сом;
- Биринчи май району боюнча муниципалдык инспекция тарабынан 60 мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Укук  бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, салынган айыптын суммасы 689 миң 500 сомду түздү;
- Ленин району боюнча  13 протокол түзүлүп, айып пулдун жалпы суммасы 212 000 сомго жетти.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Алсак, инспекторлор күн сайын рейддик иш-чараларды өткөрүп, коомдук тартипти бузууларды аныкташат.

Көпчүлүк учурда жеке жана юридикалык жактар унааларды туура эмес токтотуп, жашыл аянтчаларды бузуп, тегерек-четтин абалына көз салбай, курулуш компаниялары асфальт-бетон төшөлмөсүн бузуп жатат.

Тартип бузуулар каралып жаткан жерде көбүнчө бардык бузуучулар өз күнөөсүн мойнуна албаган жагдайлар пайда болот. Мындай учурларда иштер укук бузуучунун өзүнүн катышуусу менен административдик комиссияга жиберилет.

Эскерте кетсек, айып пулду өз убагында төлөбөсө, айып салуу чечимине карабастан, айыптын үстүнө кошумча айып төлөнөт.

Урматтуу жарандар! Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин сактоону суранабыз. Эске салсак, муниципалдык инспекция тарабынан ар кандай мыйзам бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.