Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Маматов Алтынбек Кайратович 2024-жылдын 11-апрелинен тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директорунун орун басары кызматынан ротациялоо менен Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын начальнигине дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.