Бүгүн, 12-апрельде саат 19:00дөн тартып 11 жана 17- троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат.

Мындан тышкары, 10-троллейбус каттамы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Кыймыл "Фрунзе" заводунан 8-кичи районуна чейин жүргүзүлөт.

Шаардык троллейбус каттамдарынын ишиндеги убактылуу өзгөрүүлөр "Асанбай" бурулуш акыркы пунктунда канализация иштерин жүргүзүү зарылчылыгынан улам келип чыккан.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 13-апрелинен тарта бардык троллейбустар линияга чыгып, кадимки режимде иштей баштайт.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдөн өзгөрүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.