"Диалог" шаардык маданият үйүнүн концерттик залында 2024-жылдын 13-апрелинде саат 10:00дө борбор калаадагы балдар искусство мектептеринин окуучуларынын арасында "Жаш таланттар – 2024" кароо-сынагы башталат.

Сынак классикалык аспаптардын солисттеринин арасында төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
- классикалык гитара;
- үйлөмө аспаптар;
- урма аспаптар;
- баян, аккордеон.

Чыгармачылык сынактын максаты  дʏйнөлʏк жана ата мекендик классикалык музыканын чыгармаларын балдар жана жаштар арасында кеңири жайылтуу, жаңы жаш таланттарды аныктоо, репертуар таңдоо, аткаруучу чеберчиликти жогорулатууга жана эстетикалык табитти калыптандырууга кѳмѳк кѳрсѳтʏʏ болуп саналат.

Белгилей кетсек, сынактын ар бир номинациясында жеңүүчүлөргө I, II, III даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

Кошумча суроолор боюнча (0312) 51-01-49 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.