Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев  Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясына, шаардын административдик райондорунун башчыларына жана Мамкурулуштун Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө департаментине Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарынын аткарылышын камсыздоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырган тексемеге кол койду.

Аталган буйрукту аткаруу үчүн Бишкек мэриясы шаардын аймагындагы курулуш объектилеринин тапшырыкчылары менен подрядчыларына 2024-жылдын 12-апрелинен тартып тиешелүү шаардык кызматтар тарабынан курулуш тармагында тазалык жана экологиялык талаптардын сакталышына көзөмөл күчөтүлөрүн расмий түрдө кабарлайт.

Атап айтканда, көрктөндүрүү эрежелеринин 8.20-пунктуна ылайык, курулуш компаниялары (подряддык уюмдар) 10 календардык күндүн ичинде курулуш объектилерин автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоо (жуу) пункттары менен жабдууга милдеттүү.

Эрежелерди бузуу фактылары, анын ичинде курулуш объектилеринен көчөнүн же жолдун бөлүктөрү булганган фактылар аныкталса, бузуулар четтетилгенге чейин объекттерде курулуш иштерин токтотуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын "Тазалык" жана "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканаларына зарыл болгон учурда курулуш объектилеринин тапшырыкчыларынын (подряддык уюмдардын) каражаттарынын эсебинен автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоо (жууп-тазалоо) пункттары менен   жабдуу боюнча иштерди уюштуруу тапшырылды.

Мэр буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу жана контролдоо иштери бөлүмүнө тапшырды.