Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев аянты 107,0 га Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын  чек аралары Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 «СССРдин 50 жылдыгы «сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген чек араларды бекитүү токтомуна кол койду.

Ошентип, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине,  Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына  жана Октябрь администрациялык районуна төмөнкүлөр тапшырылды:
- Бишкек шаарынын мамлекеттик администрациясынын жогоруда аталган токтому менен бекитилген чектерде парктын жер участокторун кайтарып алуу боюнча чараларды көрүсүү;
- сейил бактын аймагында мыйзамсыз тургузулган кыймылсыз мүлк объекттерин бузууну жүзөгө ашыруу;
- сейил бакка келтирилген зыянды күнөөлүү адамдардын эсебинен калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- укуктук баа берүү жана сейил бактын чектеринде жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды прокуратура органдарына белгиленген тартипте жөнөтүү;

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасына максаттуу пайдалануу үчүн сейил бактын шаар куруу документтерин, тарыхый-маданий мурас объектисинин паспортун даярдоо үчүн сейил бактын аймагынын чек араларынын сүрөттөлүшүн даярдоо милдети коюлду.

Октябрь райондук администрациясына  жана Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү коммуналдык кызматтарына эс алуу жайларын уюштуруу үчүн аймакты көрктөндүрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине жер участокторун кайтарып берүү жол-жоболору аяктагандан кийин, сейил бактын аймагы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине сейил бакты күтүү жана көрктөндүрүү үчүн мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдаланууга берилет.