Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев административдик-аймактык реформанын алкагында жаңы кошулган Новопавловканын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө.

Жолугушууга ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн башчылары катышты.

Район башчысы «Ала-Тоо» конушунда жайгашкан №82 мектепте «Ак-Ордо 2» жана «Ак-Ордо 3» конуштарынын тургундары менен жолугушту.

Андан ары аким Жыргалбек Шакиев «Ата-Журт», «Алтын-Ордо», «Поле чудес», «Тынчтык» жана Новопавловка конуштарынын тургундары менен «Ынтымак» конушунун  №213 участогунда   жолугуп,   көйгөйлөрүн укту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар жер мунапысы, транспорт, социалдык, ошондой эле конуштарды канализацияга кошуу жана газдаштыруу маселелерин көтөрүштү.

Райондун акими тургундардын суроолорун угуп, жума сайын саат 14:00дөн 16:00гө чейин Новопавловка шаарынын тургундары үчүн Фрунзе көчөсү, 285 дарегинде жайгашкан «Новопавловка» МАБында   жеке кабыл ала турганын билдирди.

Мындан тышкары, район башчысы «Дача-Суу» айылынын жана «Достук» дачасынын  тургундары менен жолугушту.