2024-жылдын 16-апрелинде Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Ошентип, өчүрүү аймагына төмөнкүлөр кирет:
- Алыкулов көч. - БЧК - Ала-Арча-р. Л.Толстой көч;
- Юбилейный көч – Горький көч (Пригородный айылы) – Садовой көч. (Пригородный айылы) – БЧК;
- “Аскер шаарчасы”, “Кызыл Аскер”, 110 кичирайон, Достук.

Саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.

Белгилей кетсек,  “Батыш” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.