Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы өз багыты боюнча рейддик иш-чараларды улантууда.

Алсак, 2024-жылдын 11- апрелинде инспекторлор шаар тургундары, чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл жүргүзүштү.

Борбор калаанын бир катар чарба субъекттерине жана курулуш компанияларына жүргүзүлгөн рейд учурунда мыйзам бузуулар аныкталган.

Тизмеде:
- Ч.Айтматов 102/2 дарегинде жайгашкан "Аманат Строй Сервис" ЖЧКсына курулуш таштандыларын уруксатсыз чыгаргандыгы үчүн 23 000 сом айып салынды. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1.2-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү;
- Тегеректеги аймактарда тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн "Весна строй"ЖЧКсы айыпка жыгылды. Инспектор тарабынан КРнын укук бузуулар жөнүндө  кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлдү. Салынган айып пулдун суммасы-13 000 сом;- "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдин жоктугу үчүн "Райан билдинг"ЖЧКсы 13 000 сом айып пул алды;-  5-кичирайон, 63/1 дарегинде жайгашкан "Атомтех"ЖЧКнын ээси «Wildberries» дүкөнүнүн айланасын тазалабагандыгы үчүн айыпка жыгылды. Ага  КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлдү. Айып пулдун суммасы 23 000 сомду түздү;
- Ж. Турусбеков, 142/1 дарегинде жайгашкан "ЖБН" компания" ЖЧКсы тротуар бөлүгүн талкалаганы үчүн 17 000 сом айып пул алды. Компанияга карата КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесинин 1-бөлүгү менен протокол түзүлдү;
- Радищев көч., 23 дарегинде жайгашкан "Гномик" бала бакчасына КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча 13 000 сом айып салынды;
- ушундай эле эреже бузуу үчүн "Синоптрейд"ЖЧКсына  инспекторлор тарабынан КРнын  укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча 13 000 сом суммасындагы  протокол түзүлдү;
- "Капс трейдинг" ЖЧКсына карата КРн укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлдү. Айып пулдун суммасы 13 000 сомду түздү;
- Тыныстанов көч.,163 дарегиндеги"Град стиль" ЖЧКсына КРнын укук бузуулар жөнүндө  кодексинин 114-беренеси боюнча 13000 сом айып салынды.
- Таштандыны белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн "Эсен" ЖЧКсына КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-берененин 2- бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, 23000 сом айып салынды.  

Жалпысынан 11-апрелде инспекторлор тарабынан эреже бузгандарга карата 48 протокол түзүлүп, 386 000 сом айып салынган.