Бишкек шаарындагы Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун оңдоодон өткөн имаратына барышты.

Ага борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев, КРнын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев катышты.

Дарыгерлер кабинеттерин көрсөтүп, реконструкциядан кийинки жаңылануу тууралуу айтып беришти.

Мисалы, №6 ҮМБнын флюорографиялык кабинети оңдоп-түзөөдөн кийин биринчи жолу ачылды.

Бейтаптар онлайн режиминде дарыгерге кайрылуу кезегин көзөмөлдөй турган система киргизилди.

Ошондой эле имараттын фасады жана кире бериш фойе жаңыртылды, жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп – аймакта тротуарлар отургучтар жана жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү, унаа токтотуучу жай жана тротуар асфальтталды.

Имараттын капиталдык оңдоо иштери 2023-жылдын төртүнчү кварталында башталып, 2024-жылдын 5-апрелинде аяктады.