2024-жылды 9-апрелинен 11-апрелине чейин Бишкек шаарынын "Мектеп лигасынын" финалдык этабынын программасынын алкагында  жеңил атлетика боюнча уландар жана кыздар арасында мелдеш болуп өттү.

Мелдешке Бишкек шаарындагы 16 жалпы билим берүүчү мектеп жана гимназиялар катышты.

Балдардын жеңил атлетикасы боюнча турнирдин жыйынтыгы менен кыздар арасында байгелүү орундарга төмөнкүлөр ээ болушту:
1-орун- №59 орто мектеби;
2-орун- №84 орто мектеби;
3-орун- №96 орто мектеби.

Жеңил атлетика боюнча мелдештин жыйынтыгы боюнча кыздар арасындагы жеңүүчүлөр жана байге ээлери төмөнкүдөй аныкталды:
1-орун- №65 ЭЭЛ;
2-орун- №84 орто мектеби;
3-орун- №96 орто мектеп;

Жаштар арасында:
1-орун-№86 орто мектеп;
2- орун - №6 МГ;
3-орун- №46 орто мектеп.

"Мектеп лигасынын" шаардык финалынын бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медалдар, дипломдор, тиешелүү даражадагы кубоктор жана Баш байге – Ысык-Көлгө жолдомо менен сыйланышты.

Белгилей кетсек," Мектеп Лигасы" жыл сайын спорттун 12 түрү боюнча өткөрүлөт. Программанын максаты Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү жана келечектеги  спортчуларды аныктоо, ошондой эле борбордун жалпы билим берүү уюмдарынын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо болуп саналат.