Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, ошондой эле оор жана ири өлчөмдөгү автотранспортторду иштеткен курулуш компаниялардын, бизнес-ассоциациялардын, жеке жана юридикалык жактардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда шаар башчысы аталган  чектөөлөр жол катмарынын бузулушун алдын алуу, болтурбоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо максатында киргизилгенин түшүндүрдү.

Жүк ташуучу унаалардын ээлеринин жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизүү боюнча өтүнүчтөрү да эске алынды.

Жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 29-мартындагы №89-р тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды.

Буйрукка ылайык, абанын күндүзгү температурасы 28ºС болгон учурда Бишкек шаарынын муниципалдык жолдорунда максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө 2024-жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин саат 10:00 дон 19:00го чейин киргизилет.

Убактылуу чектөө механизми төмөнкү  жүк ташуучу унааларга тиешелүү эмес:
– гуманитардык жардам жана азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар менен жүк;
– Бишкек шаарынын аймагы аркылуу өтүүдө транспорт жана жол тармагы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген атайын уруксаттын негизинде ири өлчөмдөгү жана атайын жүктөр;
– автомобиль жолдорун оңдоого, курууга,  мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрдү чечүүгө арналган объекттерди курууга жүктөр.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине үч күндүк мөөнөттө Бишкек шаарынын муниципалдык автомобиль жолдорун жүк ташуучу автоунаалардын таасиринен сактоону камсыздоо механизмдерин жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүү жана бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте сунуш киргизүү тапшырылды.

Ошондой эле, департаментке Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 29-мартындагы № 89-р буйругунун талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча Бишкек шаарынын ичинде жүк ташуу менен алектенген жеке жана юридикалык жактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.