Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы катуу тиричилик таштандыларын туура эмес жерлерге чыгарылышы боюнча  көзөмөлдү күчөтүүдө.

Алсак, күн сайын рейддик иш-чаралар өтүп, чарба субъекттилеринин санитардык тазалыгы  дыкат текшерилип, ар бир чарба субьектинин ээсине жана ижарачысына  жанаша аймагына таштандыларды чыгарууга жол бербөө боюнча  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузгандарга  инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114 жана 115-беренелери боюнча протоколдор түзүлүүдө.

Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандардын тизмесинде:
- Ажыбек Баатыра, 3/1 дареги боюнча жайгашкан «БиБилдинг» ЖЧКсына  Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 23000 сом айып салынган;;
- «Бимед Фарм» ЖЧКсына жакын жердеги тазалык эрежелерин сактабагандыгы үчүн КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча 13000 сомго протокол түзүлгөн;
- Максат көчөсү, 6 жана 2 даректери боюнча «Көлмө» конушунун эки жашоочусуна муниципалдык аймакка курулуш таштандыларын таштаганы  үчүн  КРнын укук бузуулар кодексинин  115-берененин 2-бөлүгү боюнча протоколдор түзүлгөн. Эки жаранга салынган айып пулдун  суммасы 15 000 сомду түзөт;
- КР укук бузуулар кодексинин 114-беренеси боюнча «Алинур Групп» ЖЧКсы, «Ригель» ЖЧКсы жана «Тумар» кафесине, ар бири юридикалык жак болгондугуна байланыштуу 13 000 сомдон айып пул салынган;
- Турмуш-тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды белгиленбеген жерлерге таштагандыгы үчүн Суеркулов, 16/3 дарегинде жайгашкан «Досавто» автомектепине айып тагылды. Автомектепке карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 17 000 сомго айып салынды;
- «D-Market» дүкөндүн ээси тегеректеги аймактын тазалыгын сактабагандыгы үчүн 13 000 сом айыпка жыгылды. Дүкөндүн ээсине КР укук бузуулар кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлдү;
- Кулатов/Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды өрттөгөнү үчүн А.А аттуу жаранга 7500 сом айып тагылды. Эреже бузуучуга инспектор тарабынан КР укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү;
- Тиричилик таштандыларын таштагандыгы үчүн А.Э. аттуу жаранга КР укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, 5 500 сом айып салынган. Иш комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн;
- Ж. Д. аттуу жеке адам 3 000 сом айып пул алган. Шаар тургуну жакын жердеги аймактын тазалыгын сактаган эмес. Бул үчүн ага КР укук бузуулар кодексинин 114-беренеси боюнча протокол жазылган;
- Койбагаров көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан «7- гараж кооперативине» карата КР укук бузуулар кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлүп, иш комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү;
- Ауэзов көчөсү, 10 дарегиндеги гүл саткан дүкөндүн ээсине КР укук бузуулар кодексинин 114-беренесине ылайык 3000 сом айып салынды.

Жалпысынан бир күндө эле салынган айыптардын суммасы 260 000 сомдон жогору болду.

Ар бир чарба субъектинин ээлери жана ижарачылары менен Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Эскерте кетсек, борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, ар бир адам менчигинин түрүнө карабастан күн сайын өз аймагынын тазалыгын камсыздоого тийиш.