Октябрь райондук жарандык коргонуу кызматтары менен «Жер титирөөнүн натыйжасында өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жана келип чыгыуу учурунда жарандык коргонуу кызматтарынын иши» деген темада штабдык машыгуу өткөрүлдү.

Райондун мамлекеттик бийлик органдарынын негизги милдети машыгууга катышкан ар бир катышуучу райондун калкын жана аймагын экстремалдык шарттарда коргоо жана кесепетин чечүүдө өздөрүнүн милдеттерин түшүнүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, ар бир катышуучу адамдарды коргоону уюштурууда өзүнүн жоопкерчилигин жана аракеттерин түшүнсө - машыгуунун максаты ишке ашат.

Райондун аймагында табигый өзгөчө кырдаалдын (жер титирөөнүн) кесепеттерин локалдаштыруу жана жоюу жарандык коргонуу боюнча райондук кызматтардын жана шаардык  коргонуу күчтөрү тарабынан жүзөгө ашырылып, зарыл болгон учурда жетекчиликтин чечиминин негизинде башка күчтөр тартылат.