Борбор калаадагы №9 жана №2 орто мектептеринин окуучулары үчүн «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы тарабынан окуу экскурсиясы өткөрүлдү. Мектеп окуучулары күнөсканага барышып, көп жылдан бери шаарыбыз үчүн эмгектенип  келе жаткан кызматкерлердин ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Мындай экскурсиялардын максаты- балдар мекеменин кызматкерлеринин бүткүл иш процесси менен толук таанышып, шаарыбызды көрктөндүрүү үчүн күнү-түнү иштеп жаткан кызматкерлердин эмгегин сыйлоо болуп саналат.

Экскурсиянын жүрүшүндө окуучуларды айрыкча күнөскананын түзүлүшү жана андагы өсүмдүктөрдүн өсүү механизациясы кызыктырды. Балдарга Бишкек шаарындагы алгачкы күнөсканалардын жаралуу тарыхы, биринчи отургузулган көчөттөр жана гүлдөр тууралуу айтып беришип, күнөскана кызматкерлери менен тааныштырышты.

Экскурсиянын алкагында  борбор калаадагы мектептердин окуучулары убакытты пайдалуу өткөрүшүп, «Бишкекжашылкурулуш» МИнын ишмердүүлүгү тууралуу көп маалымат алышты.