2024-жылдын 15-апрелинде Муниципалдык инспекция тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги №100-Т Тескемесинин негизинде жалпысынан 34 курулуш объекти текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 11 курулуш объектисинин оор жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөгүн жуучу пункт жана жабдыктары бар экени аныкталды.

Калган 23 курулуш объектисине бир жумалык мөөнөттө оор жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөгүн жуучу пункт жана жабдыктарын орнотуу милдеттендирилди.

Төмөнкү 34 курулуш объектиси текшерилди:

Ленин району:
1. “Action” ЖЧКсы;
2. “Эрл групп” ЖЧКсы;
3. “Ихлас” ЖЧКсы (2 объект);
4. “Алтын Курулуш” ЖЧКсы;
5. “Браво Билдинг” ЖЧКсы;
6. “Свой стиль” ЖЧКсы;
7. “Битрейд Импекс” ЖЧКсы;
8. “Канат групп”  ЖЧКсы;
9. “Амир строй” ЖЧКсы;
10. “Гарант Девелопмент” ЖЧКсы;
11. “Гелиос групп” ЖЧКсы;
12. “Раян Билдинг” ЖЧКсы;
13. “Кап строй” ЖЧКсы;
14. “Роял констракшн” ЖЧКсы.

Биринчи май району:
1. “Дөөлөт Курулуш” ЖЧКсы;
2. “Мунара Строй” ЖЧКсы;
3. “Роял Констракшн” ЖЧКсы;
4. “Авангард Курулуш” ЖЧКсы;
5. “Турпан Строй” ЖЧКсы.

Октябрь району:
1. “Аманат строй” ЖЧКсы;
2. “Роял Контсракшн”ЖЧКсы (2 объект);
3. ”Кыргыз каганат” ЖЧКсы;
4.  “Авангард” КК;
5. “Елизавета” КК;
6. ”Кыргыз Кагант” КК.

Свердлов району:
1. “Авента строй” ЖЧКсы;
2. “Delmar group” ЖЧКсы;
3. “Эмарк групп” ЖЧКсы;
4. “Башат” ЖЧКсы;
5. “Баткен курулуш” ЖЧКсы;
6. “Жибек Сити Контсракшн” ЖЧКсы;
7. “Туран строй” ЖЧКсы.

Мындан сырткары, санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн “Свой стиль” ЖЧКсы, “Аманат Строй” ЖЧКсы, “Ихлас” ЖЧКсы, “Туран Строй” ЖЧКсы КР Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 114 жана 434- беренелерине ылайык, укук бузуулар боюнча  жалпысынан 4 протокол түзүлүп, 69 000 сомго айып пул салынды.

Эскерте кетсек,  иш-чаралар күчөтүлгөн таризде улантылат.