Борбор калаадагы Октябрь районунун №100 орто мектебинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын саясий жана коомдук ишмери Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган «Мамлекетттүүлүккө карай жол» аттуу илимий-практикалык конференция өттү.  

Конференцияга Октябрь районунун акиминин орун басары Чынара Жаныкеева, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, Кыргыз Илимдер академиясынын бөлүм башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Аида Эсенгуловна,  А. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин институттун директору, профессору Туратбек Сырдыбаев, кафедра башчысы, доцент Темиркул Асанов, ага окутуучу Суракан Арзыгулова, ошондой эле окуу жайдын окуучулары жана мугалимдери катышты.

Конференциянын жүрүшүндө бир катар кызыктуу баяндамалар угулуп, ар кандай тарыхый фактыларды талкууланды.

Катышуучулар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы оңой болбогонун, маданий баалуулуктарын, эне тилин жана даңктуу тарыхын сактап калуу менен эл көп кыйынчылыктарды башынан кечиргенин баса белгилешти.

Белгилей кетсек, иш-чара КР Президентинин  2023 жылдын 24-октябрдагы  №270 "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.