Борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында  Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда кирешелер боюнча штабдын жыйыны өттү.

Ага мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Бишкек шаары боюнча салык кызматынын башкармалыктарынын жетекчилери, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, ошондой эле ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Штабдын жүрүшүндө Бишкек шаарынын пландалган кирешелеринин аткарылышы боюнча отчету угулду.

Борбор калаа башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө бюджеттин киреше бөлүгү артыкчылыктуу болуп саналат.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга пландалган кирешелердин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган аймактардын субъекттерин кайра каттоо боюнча иштерди активдештирүү тапшырмасы берилди.