Бишкек шаарында Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан №40 балдар бакчасын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө аймагын көрктөндүрүү, оюн аянтчаларын жана тосмолорун орнотуу, ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имараты эки кабаттуу. Жайдын аянты 2100 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер тилкесинин аянты – 1,6га.

Бала бакча 360 балага, 12 тайпага ылайыкталган. Бакчада ымыркайлар, кенже, жогорку тайпа жана мектепке чейинки даярдоо тайпалары болот.

Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, музыкалык жана гимнастика сабактар үчүн өзүнчө бөлмөлөр каралган.

Ошондой эле долбоордун маанилүү элементи катары мектепке чейинки мекемеде бардык көмөкчү бөлмөлөрдүн: медициналык бөлмөлөр, тамак-аш блогу, кир жуучу жай жана тейлөө бөлмөлөрүнүн каралгандыгын белгилөөгө болот. Ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулат.

Курулуш иштери “Аргын Курулуш” ЖЧКсы подряддык уюму тарабынан жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, №40 бала бакча 1971-жылы курулуп ишке берилип андан кийин №20 мектептин башталгыч класстарын окутуу үчүн колдонулуп келген. 2023-жылдын 25-мартынан баштап кайрадан бала бакча катары бекитилип, бүгүнкү күндө капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.