Бишкек шаарында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлдү.

Борбор калаанын мэриясынын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери тарабынан бекитилген аймактарда тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Борбор калаанын башчысы Айбек Джунушалиев Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын жана Свердлов райондук администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте Каражыгач токоюн тазалады.

Мындан тышкары шаар мэри сейил бактын аймагын көрүп чыгып, аны көрктөндүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Борбор калааны тазалоого 30 миңден ашык адам чыкты. Шаардыктар жана уюмдар тарабынан 934 түп көчөт отургузду.

Муниципалдык ишканалардан жана шаардык кызматтардан 98 атайын техника тартылды.

Ошентип саат 14:00гө карата 300 тоннага жакын таштанды чыгарылды. Жыйноо иштери уланууда.

Белгилей кетсек, КР Президентинин жарлыгынын алкагында жыл сайын сентябрдын үчүнчү ишембисинде жана апрелдин үчүнчү ишембисинде Улуттук тазалык күнү белгиленип келет.