Шаардык муниципалитетте калаа башчысы Айбек Джунушалиевдин Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров  менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү  жана жашылдандыруу боюнча ишембиликтерди  өткөрүү, имараттардын сыртын жакшыртуу, сууну үнөмдөө, санитардык нормаларды сактоо боюнча сунуш пикирлерин ортого салып, талкуулашты. Ошондой эле жума намаздарда аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу жана аялзатын урматтоо, шаардын тазалыгын сактоо, ысырапкорчулукка жол бербөө, сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча баяндарды айтуу зарылдыгы белгиленди.

Шаар мэри КМДБ жетекчисинин иштерине ийгилик каалап, айт намазда белгилегендей, шаардын тазалыгына кам көрүүгө, борбордогу көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошууга чакырды.

Ал эми Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров жылуу маанайдагы жолугушуу үчүн шаар мэрине ыраазычылык билдирди.