Бишкек шаарындагы "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын адистери шаардын жашыл аймактарын реконструкциялоо боюнча иштерди улантууда.

Алсак, Эркиндик бульвары Абдымомунов көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин ишкананын кызматкерлери тарабынан жашыл бактарды санитардык бутоо, ошондой эле жашыл тосмолорду көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Шаардагы эң эски бак-дарактардын айрымдары Эркиндик бульварында өсөт. Ишкананын бак кыркуу бригадалары коопсуздук максатында бак-дарактарды бутоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Белгилей кетсек, бульвардын аймагынан алынган жашыл тосмо "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигине көчүрүлүп, мындан ары башка аймактарды жашылдандыруу үчүн колдонулат.