Бишкек шаарында 27-28-апрель күндөрү "Газпром" дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында Хан Манас Кубогу үчүн 2004-2006-жылдары төрөлгөн уландар жана кыздар арасында дзюдо боюнча  IX Эл аралык турнир өтөт.

Турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген  спортчулар катышат.

Белгилей кетсек, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын  дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти  күрөш спорту боюнча ОРАБӨСМ, Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясы менен биргеликте уюштурууда.